www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Уларбий Байгожоев айыл өкмөт башчысын «ур-токмокко алды» деп айыптап чыкты. Анын айтымында, айыл өкмөт башчысы Айбек Ормокеев мылтык кезеп, сабап салган.

- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы мени жайлоодон келаткан жолдо кармап, мылтык менен коркутканга аракет кылды. Бир аз кызуу экен. Мылтыгын тартып алып, айылга түшүп келген элем. Кеч киргенде артымдан өзүнүн эки уулун жана дагы 10 чакты жигиттерди ээрчитип келип, мени көптөп токмоктошту. Бизди ажыратууга чыккан апамды да сабап салышыптыр. Азыр апам экөөбүз тең ооруканада жатабыз, - деп билдирди ал.

Депутат мушташтын себебин айыл өкмөттүн ишин такай сындаганы менен түшүндүрдү. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы менен айылдык кеңештин депутатынын мушташын Ош облустук милициясы да ырастады.

Милициянын расмий маалыматына караганда айыл өкмөт башчысынын эки баласы кармалып, үй камагына чыгарылган. Айыл өкмөт башчысы өзү азырынча ооруканада жатат. Мушташка катышкан башка балдар суралып жатат. Ормокеев да депутатка каршы арыз жазып, ооруканага жатып алганын билдирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости