www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленип жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, майрамдын негизинде Ош шаарынын борбордук аянтында “Гүл фестивалы” жарманкеси, “Боорсок фестивалы”, “Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу архитекторлордун курулуш көргөзмөсү жана “Күз берекеси” айыл-чарба продукцияларынын жарманкеси уюштурулду. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери, шаардагы дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, шаардын тургундары жана меймандары күбө болушту.

Ошондой эле, КРнын “Салбуурун” Федерациясынын спортчулары улуттук-элдик оюндардын түрлөрүн көрсөтүштү. Мындан сырткары, борбордук аянтта шаардын маданият башкармалыгынын, жогорку окуу жайлардын, Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын, “Келечек” балдар чыгармачыл борборунун, Р.Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын жана шаардагы улуттук диаспоралардын чыгармачыл топтору концерттик программа тартуулашууда. Шаар күнүнө карата Т. Кулатов кичи шаарчасына “Ак Ниет” сейил багы курулуп, пайдаланууга берилет.

Айта кетсек, майрамдын экинчи бөлүгү кечинде А.Суюмбаев атындагы борбордук стадиондо гала концерт менен коштолот. Ага Кыргызстандын, Өзбекстандын белгилүү эстрада жылдыздары жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн чыгармачыл топтору катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости