www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу мейманканалардын биринде 35 жаштагы келин дары ичип, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-октябрда Ош облустук ооруканасына шаардагы мейманканалардын биринен жаш келин жеткирилген. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 35 жаштагы Н.Б. аттуу бул келиндин дарыдан ууланганы билинген.

Ош ШИИБи бул ишти Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасоо» беренеси менен каттаган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости