www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү басылмалардан, социалдык түйүндөрдөн, ал тургай ири телекомпаниялардан деле «жолду ачып, кара дуба жандырабыз» деген сыяктуу жарнамалар акыркы күндөрү өтө көп берилип калды.

Эл арасындагы маалыматтарга таянсак,  айрымдар көзү ачыктарга жолун ачтырып жатса, дагы бирлери «мага кара дуба окутуп коюптур» деп жүргөндөрүн угууга болот.

Бирок бул маселени ислам дининдеги адамдардын айтканы менен карай турган болсок, кара дубанын жолун  5 убак намаз торойт. Ар бир мусулмандын жашоосундагы жамандыктын алдын Куран, зекет, намаз ала  тургандыгын  айтат. 

Бүгүн социалдык тармактарда имаратка кирип келген белгисиз аялдын кабинеттин эшигине көзгө көрүнбөгөн затты чачып жүргөн тасма тарады. Анын эмне кылып жатканын өзүнөн башка эч ким так билбейт. Бирок, анын кандайдыр бир ырым-жырым же дагы башка бир нерсе кылып жатканы анык. Тасманы көргөндөрдүн көпчүлүгү болсо аялды «кара дуба окутуп келген» деген пикирлерин калтырышууда.

Кимдир бирөөлөрдүн жолун ача турган же тескерисинче бжолун бууй турган, балким дагы башка бир нерсе жасап жаткан бул айым өзүнүн жашыруун видеокамерага даана түшүп калганын билген эмес.

Мына сага, “сүф-сүфтүн» аягы эмне менен бүттү…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости