www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Ош шаарында Коргоо министрлигинде жана Чек ара кызматында иштегендерге 216 батирдин ачкычын тапшырат.
216 батирлүү үй 2016-жылы Коргоо министрлигинин акчасына курула баштаган. 56 батир чек арачыларга, калганы Коргоо министрлигинин кызматкерлерине берилет.
Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев кимдерге батир берилерин айтты.
«Батир 20 жылдан ашуун кызмат кылгандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жолдошу кызмат учурунда каза тапкандарга жана кызмат учурунда майып болгондорго берилет».
Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк иш сапар менен 27-майда барган. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдарда эл менен жолугушту.
Булак: NazarNews.kg