www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азиз Суракматов эки айга камалды

28-майда борбор калаанын Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматовду камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Сотко чейинки процесстин алкагында ал 28-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болот.

Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ж. Кудайбергенов (атасы тараптан тууган) менен биргеликте коррупциялык схеманы колдонуп мыйзамсыз иштерди жасаганы аныкталган.

Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып 26-майда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетсек, Суракматов Бишкек шаарына 2018-2020-жылдары мэр болгон Суракматов былтыр октябрдагы бийлик алмашуудан кийин өз каалоосу менен иштен кеткен. Шаардык кеңештин соңку шайлоосунда ал Кыргызстан элдик демократиялык партиясын сүрөгөн.

Мурда Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы да болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости