www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында рейддин жүрүшүндө тилемчилик кылган 16 өспүрүм аныкталды.
Маалыматка ылайык, укук коргоо кызматкерлери базарларды, дүкөндөрдү, вокзалдарды, унаа токтоочу жайларды жана жол жээктерин текшерип, садака сураган 16 өспүрүмдү каттоого алышкан. Айрымдарынын ата-энелерине 1 миң сомдон айып пул салынды.
«Бир жашы жете элек бала балдар үйүнө жайгаштырылды, үч өспүрүм боюнча материалдар Ош шаардык мэриясына өткөрүлүп берилди. Тилекке каршы, айрым ата-энелер балдарын өзүлөрүнүн кыйын үй-бүлөлүк абалын актоо куралы катары колдонушат. Айрым чоңдор кайыр сурап, оңой акча табуунун жолун издешет», - деп билдиришти полициядан.
Булак: NazarNews.kg