www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рим папасы Франциск уйгурларды куугунтуктукка туш болгон эл деп атады. Католик чиркөөсүнүн башчысы бул тууралуу алгачкы жолу Кытайдын Шинжаң аймагында жашаган азчылыктын өкүлдөрүнүн укуктары бузулуп жатканы боюнча кабарлар тарап жаткан учурда билдирди.
«Мен куугунтукка кабылган рохинжа, байкуш уйгурлар, йезиддер жөнүндө көп ойлоном» деп понтификтин «Келгиле, кыялданалы: жаркын келечекти карай» аттуу китебинде айтылат. Китеп 23-ноябрда басылып чыкты.
Буга чейин папа Мьянмадагы рохинжа азчылыгынын репрессияларга кабылышы, Ирактагы йезиддердин «Ислам мамлекети» террордук уюму тарабынан өлтүрүлүп жатышы жөнүндө айтып келген, бирок уйгурлардын азап чегиши тууралуу үн каткан эмес.
Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлдөрү лагерлерде негизсиз камалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай өз кезегинде бул лагерлерди «тарбиялоо жана кесипке үйрөтүү борборлору» катары мүнөздөп, мындай чаралар терроризм менен экстремизмге каршы күрөш үчүн керек экенин белгилейт.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги шейшембиде Рим папасы Францисктин Шинжаңдагы уйгурларды куугунтукталган эл деп сүрөттөшүн негизсиз деп атады. Министрликтин расмий өкүлү Чжао Лицзняь Францисктин сөздөрүн төгүнгө чыгарып: «Бардык улуттардын жашоого, өнүгүүгө жана каалаган дин тутууга эркиндиги бар»,- деп билдирген.
Булак: NazarNews.kg