www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 1-июндан “Коопсуз шаар” долбоору тесттин режимде иштей баштайт. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Мында автоунаалардын жол эрежесин бузгандыгы фото, видеого тартып алынат, бирок айып пул салынбайт. Кийики айдан гана айдоочуларга айып пул боюнча каттар жөнөтүлүп баштайт.

Долбоордун биринчи этабында эле 60 аппарат орнотулат.

Кесилиштерге орнотулган камера бузуунун төмөнкү түрлөрүн аныктайт:

Ылдамдыкты ашыруу;

Маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурда;

Каршы жол тилкесине чыгуу;

Коопсуздук курун тагынбаганда;

Жөө жүргүнчүлөргө жол бербегенде;

Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда;

Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде токтогондо;

Жол белгилерине маани берилбеген учурда;

Тыюу салынган жерден жөө өтүүдө;

Стоп сызыгына чейин токтотуу, жол кыймылынын эрежелерин сактабоо;

Транспорт каражатын токтотуу эрежелерин бузуу;

Тротуарга унааны токтотууда.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости