www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдогу, үй-бүлөдөгү зомбулук жугуштуу ооруу сыяктуу. Үй-бүлөдө зомбулукту көрүп чоңойгон муун кийин аны кайталап жатат. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева 6-ноябрда Бишкекте өткөн "Саясий чечимдерден аракетти карай. Борбор Азиядагы аялдарга жана секелектерге каршы гендердик зомбулукту жок кылуу” деп аталган эл аралык конференцияда билдирди. Отунбаева зомбулуктун алдын алуу үчүн анын себептери менен кесепетин терең изилдеп, андан кийин чечүү жолдорун табуу зарыл деп эсептейт. -Бул жалаң эле аялдардын иши эмес да. Коомдо болуп жаткан зомбулук - үйдөн башталат. Атасы энесин күн сайын уруп жатканын көрүп чоңойгон бала кийин өзү да ошону колдонуп жатпайбы. Ушунун негизинде коомдо да зомбулук өсүп жатат. Башкача айтканда, бул вирус, жугуштуу оору сыяктуу. Биз ар бир үй-бүлөдөн башташыбыз керек деп жатам.

Изилдөөлөргө караганда, дүйнөдө ар үчүнчү аял өз жакындарынан запкы көрөт. Ал эми статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 3 млн. 155 миңге жакын аял жашайт. Бул өлкө калкынын теңинен көбүн түзөт. Сурамжылоолордо 15-49 жаштагы үй-бүлөлүү аялдардын 25% зомбулуктун ар кайсы түрүнө кабылганын айтышкан.

Булак: "Азаттык"

 

Последние новости