www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз тилин чанган судья Эрмек Бейсекеев

Кыргыз тилинин кордолгондугу туурасында Назгүл Эшеналиева деген мекендешибиз «Фейсбук» баракчасына жазып, кабырганы кайыштырды. Ал: «Бүгүн 28-январь шаардык сотто жабырлануучу да, угуучу да болуп катышып, жүрөгүмдү ооруткан, зээнимди кейиткен окуяга туш болдум.

Биздин маселе оң жагына чечилген жок, өзүбүздүн маселеден да, менин намысыма тийген шаардык соттун судьясы Бейсекеев Эрмек Толоевичтин эне тилиме жасаган сый-урматсыз мамилеси болду. 80 жашка чукулдап калган чоң эне, өз арызын кыргыз тилинде айтып берип жатканда эненин сөзүн токтотуп: «Если будете говорить на кыргызском.То привидите переводчика» деп эненин сөзүн укпай койду. Залдагы жабырлануучулар жалаң кыргыз жарандары экенине карабай сот процессин орус тилинде өткөрүүгө талап койду. Мамлекеттик тил кыргыз тили болгондон кийин эмне үчүн өз эне тилибизге тийиштүү органдарга кайрыла албайбыз?

Канчага чейин өз эне тилибиз өз жеринде өгөйлөнөт? Эмне үчүн мамлекеттик тилди билбегендерди төрүбуздө тайраңдатабыз? Мамлекеттик кызматта иштегендерге мамлекеттик тилди билүү зарыл экенин эмнеге талап кыла албайбыз? Канчага чейин «Курман ыраазыларга» макул болобуз?

Кыргыз мамлекетинин титулдук улутунун өкүлү катары ар бир мамлекеттик кызматкер мамлекеттик тилди билүүсун талап кылам» деп мекендешибиз каңырыгы түтөп жазды.

Бул өтө жаман жорук. Кыргыз тилин тебелеген мындай судьяларды, мындан башка мамкызматкерлерди кызматтан четтетип. эне тилге болгон сый урматты күчөтүш керек.

Булак: "Де-Факто"

Последние новости