www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев ИИМдеги кызматтардын жана аймактык бөлүмдөрдүн бардык жетекчилеринен укук бузуулар менен жоруктар жөнүндөгү жаңы кодекстер боюнча зачётторду кабыл алды. Зачётторду тапшыруу тестирлөө ыкмасы менен эки топко бөлүнүү менен өтүлдү.

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев жетекчилерге кайрылып, «2019-жылдын 1- январынан баштап Кыргызстанда 5 жаңы кодекстер жана башка мыйзамдар иштей баштады. Аталган кылмыш укуктук блоктогу мыйзамдар адам укугун коргоону камсыздай турган стратегиялык мүнөзгө ээ жана мамлекеттик тутумду, азыркы экономиканы жакшыртууда маанилүү ролду ойнойт. Ушуга байланыштуу бөлүмдөрдун жетекчилери катары сиздер өзүнөрдүн кол алдындагыларга үлгү болушунар керек. Сиздер тестирлөө аркылуу зачет тапшырдыңыздар, араңарда кодексти билбеген башчылар жок эмес.

Ошондуктан, орто деңгээлдеги тестирлөөдөн тапшырган баардык башчылар 15-февралда кайрадан тапшырасыңар. Эгерде ошондо өтпөй калгандар Кыргыз Республикасынын ИИОнун башчысына татыктуу эмессиңер. 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстер укук коргоо органдарынын ишин жакшыртууга, калктын милицияга болгон ишенимин арттырууга, укук коргоо чөйрөсүндөгү реформаны ишке ашыруута, өзгөчө укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жарандын укугу менен эркиндигин жана коомдун кызыкчылыгын коргоого багытталган»-деп билдирди.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости