www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз тилинин кадыры өспөй, эгемендик алгандан бери өгөйлөнүп келе жатканы эч кимге деле жашыруун эмес.

Маселен, көчөдөгү көрнөк-жарнактарды көргөндө жүрөгүң ооруп, жүлүнүн зыркырайт. Андан дагы кейиштүүсү, кыргыздын тыңчыкма кыз-жигиттери өз тилин жээрип, өзгөнүн тилин даңктаганда өлбөгөн гана төрт шыйрагың калат экен.

Негизи, эне тилибизди өзүбүз кастарлабасак, бирөө келип көкөлөтүп бермек беле.

Баса, буга чейин башка тилде божурап келген Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жакындан бери маселе көтөргөндө кыргызча сүйлөп, түшүндүргөнгө аракет кылып калды. Ар ким Айсулуу айым сыяктуу өзүнөн баштаса кыргыз тилине болгон мамиле өзгөрөөрү турган иш.

Булак: "Де-Факто"
 

Последние новости