www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда "Өзбекстан" деген аталыштагы смартфон жасап чыга баштады. Байланыш каражаты азырынча ички рынок үчүн гана өндүрүлгөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Гаджеттин эске тутумунун ченеми 64 гигабайтты түзөт. "Навои" эркин индустриалдык зонасынын аймагында башталган өндүрүштү ООО Telecom Devices PRO уюму колго алган.

Бул иш өлкөнүн Маалыматтык технологиялар жана коммуникация министрлигинин тапшырмасы менен жүзөгө ашырылган.

Мобилдик каражаттын эс тутумунда Өзбекстан Республикасынын президентинин китептери, классикалык жана заманбап өзбек адабиятынын мыкты үлгүлөрүнүн жыйнагы, радио спектаклдер, жүздөн ашуун өзбек ырлары жана күүлөрү, ошондой эле өлкөнүн кооз жерлери менен кооз аймактары чагылдырылган фотоальбомдор жүктөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости