www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Пакистандын премьер-министринин орун басары жана тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен Астанада жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясый мекемеси билдирди.

Пакистандын медиасынын маалыматында, Мухаммад Исхак Дар Жээнбек Кулубаевден Кыргызстанда окуган студенттердин коопсуздугун камсыз кылууга чакырган.

Андан тышкары 18-майда кол салгандарды жоопко тартууну талап кылган.

Мухаммад Исхак Дар кыргыз өкмөтүн жабыркаган пакистандыктарга көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирген.

Бүгүн «Манас» аэропортунан  Исламабад, Пешавар жана Лахор шаарына алты учак учат. Анын экөө чартердик каттам.

Интернетте аба майдандан учуп кетип жаткан пакистандын жарандарынын видеосу жарыяланды.

 

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости