www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-октябрда Пакистандын Пешавар шаарындагы семинарияда жарылуу болду. Акыркы маалыматтар боюнча, трагедияда курман болгондордун саны жетиге жетип, 70ке жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу Dawn гезити маалымдады.

Отчетто семинарияга катышкан көптөгөн студенттер жардыруудан каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында экендиги белгиленди. Ошондой эле эки мугалим жаракат алганы белгилүү болду. Оорукананын өкүлүнүн айтымында, жабыркагандардын баарына тез жардам көрсөтүлгөн.

Полициянын алдын-ала маалыматы боюнча, белгисиз адам колго жасалган жарылуучу зат салынган баштыкты семинарияга алып келген. Учурда окуя болгон жер курчоого алынып, укук коргоо органдары иштеп жатат.

Бир дагы террордук уюм окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Курман болгондордун жана жаракат алгандардын саны көбөйүүдө.
Сарвар Анвар уулу, Ташкент 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости