www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаев мындан отуз жыл мурда 1990 жылдын 27 октябрында депутаттар тарабынан президент болуп шайланат. 1990-жылы Аскар Акаев жаңы президент болгон соң берген маегинде: «Үч жылдан соң Кыргызстанды тааныбай каласыңар» -деген. Убакыт көрсөттү чын эле үч жылдан соң Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрдү. Акаевдин оюу боюнча Кыргызстан жакшы өнүгүү жолуна түшөт болчу. Бирок, 1990-жылга салыштырмалуу 1993-жылы Кыргызстан итке минген кедей болду, карапайым эл унга улпак кошуп жеп, эптеп күн көрүп калды. Бай, кедейге ажыроо башталды, көзү тойбос ач көздөр көбөйдү. Бул жыл Кыргызстан үчүн абдан аянычтуу болду, официалдуу билдирүүлөргө караганда гиперинфляция 1993-жылдын башында 2033,7 пайызга чыккан.

 Тышкы саясаттан да жыргап кеткенибиз жок. «Акаев Горбачевго вице-президент болгон жатат» -деп элди каратып калп айткан Эднан Карабаевди президенттик аппарат жетекчисинен бошотуп, ал тышкы иштерди тейлеп калган. 1993-жылы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу тышкы саясат боюнча чоң чыр-чатак чыгат. 1993-жылдын башында  Аскар Акаев Израилге иш сапары менен барат. Мусулман мамлекеттеринин ичинде Мисирдин президенти Анвар Садаттан кийинки эле Кудуска (Иерусалим) барган Акаев болгон. Иш сапары учурунда Кыргызстан менен Израилдин ортосунда көптөгөн достук, саясий, маданий, илимий, экономикалык келишимдерге кол коюлган.

Аскар Акаев орду толгус эки чоң ката жиберген: Биринчиси, Израил президентинин сый тамагы учурунда президент болуп турса да оозуна келген сөздү айта салам деп, ал кездеги Израилдин тышкы иштер министри Шимон Перестен катуу кагуу жеп, шагы сынган. Араб мамлекеттери, анын ичинде Палестина менен кырды бычак болуп турган кезде, ар кимге жагынгандан айланабы.

Экинчи чоң катачылыгы бүт маалымат майданы менен саясий истэблишменттин оозун ачырган. Акаев чын дилинен еврейлерге жагыныш үчүн Кыргызстан элдин бары жайгашкан Тел-Авивде эмес Кудуста (Иерусалим) элчиликти ачат деп жарыя кылган. 2017-жылы АКШ Кудуста (Иерусалим) элчилик ачам деп бүткүл дүйнөнүн жинине тийип, БУУда (ООН) мамлекеттин бары каршы чыгып, араң турган Израил араб мамилелери ырбап кеткен. Ал эми 1993-жылы Акаев Кудуста (Иерусалим) элчилик ачам деп ажыдардын куйругун басып алган, араб мамлекеттеринин бары жүзүн Кыргызстандан тескери буруп кетишкен. Ал кездеги Жогорку Кеңеш Акаевди сөзүн кайра алууга мажбурлаган. Күтүлбөгөн жерден бул идеянын автору болуп тышкы иштер министри Эднан Карабаев болуп калат. Акаев өзү айтса да аны башка бирөөгө үйүп салган анын жаман адаты бар экени элге белгилүү болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости