www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси абактан бошотулду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактык соттон билдиришти.

Райондук сот акча опузалоого шектелген М. Т. А. аттуу жарандын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Мыйзам боюнча, ал кечки саат 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин үйүнөн чыгууга укугу жок.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 24-ноябрында УКМК аткаминердин кеңешчисин көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар алып жаткан учурда колго түшүргөн. Маалыматта ал эки шериги менен директорду "Камчыбек Ташиевге арыз жазып, иштетпейбиз" деп коркутканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости