www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы лидери Дональд Трамп үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында өтө турган президенттик шайлоодо жеңишке жетпесе, АКШ “кан көлүнө” айланат. Бул тууралуу Трамп кечээ, 16-мартта АКШнын Огайо штатынын Дейтон шаарында тарапкерлеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Эгер мен шайланбай калсам, бул өлкө кандуу көлгө айланат. Жана бул эң аз күтүлгөн окуя», - деди ал.

Трамп быйылкы шайлоо мурунку шайлоолорго караганда маанилүү экенин кошумчалады.

  «Биз рецессиядабыз. Бирок биз баарын өзгөртө алабыз. Биз АКШны кайрадан улуу өлкөгө айландырабыз»,-деп кошумчалады.

Маалымат үчүн айта кетсек, Трамп Республикалык партиядан АКШ президенттигине талапкер болуу үчүн керектүү сандагы делегаттарды чогултту. Экинчи мөөнөткө ат салышып жаткан азыркы мамлекет башчысы Жо Байден да Демократиялык партиядан жетиштүү сандагы өкүлдөрдүн колдоосуна ээ болду.

Эскерте кетсек, буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан эгер Трамп шайлоодо жеңип чыкса, Киевге "сары карточка" бербей турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости