www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жана анын курулуш тармагы боюнча орун басарын кызматтан кетүүсүн талап кылды. Мындай чечим парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, Балбак Түлөбаев курулуш тармагындагы көйгөйлөр маселеси каралган комитеттин жыйынына катышкан жок. Депутаттар мэрия комитеттин отурумун үчүнчү жолу тоготпой жаткандыгын белгилешти.
«Бул саботаж. Эмне үчүн мэриядан бир дагы чиновник келген жок? Себеби муниципалитеттин жооптуу кызматкерлери түрмөдө отурушат. Төрт шаар мэрине курулуш тармагындагы мыйзам бузуулардан улам айып тагылды», – деди депутат Рыскелди Момбеков.
Комитет көпчүлүк добуш менен Балбак Түлөбаевди жана анын орун басарын кызматтан алуу боюнча сунушту өкмөткө жөнөттү.
Булак: NazarNews.kg