www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Далы менен кыргызча төлгө тарткан, белгилүү төлгөчү Кайып Шер менен маек.
-Сенин күзүндө башаламандык болорун далы менен төлгө тартып алдын-ала айтканың бар. Быйыл июль айында эл коронавирустан катуу запкы жеп жатканда бийликтегилер парламенттик шайлоого даярдык көрө баштады. Кыргызстанды алаканыма салып бийлейм деген президенттин үкасы Асылбек Жээнбеков да бул ишке жеңин түрүнүп кирише баштаган. Ошондо сен далы менен төлгө тартып Асылбек Жээнбеков бул шайлоого аттанса иш жамандык менен бүтөрүн баамдап, ага жеткирүүгө аракет кылгансың. Асылбек Жээнбековго айта алдыңбы?
-Ооба, төлгө эгер Асылбек Жээнбеков бул шайлоого катышса иш чатак болорун билдирген. Мен Асылбек Жээнбековдун эмнесинен коркот элем же эл сыяктуу мансаптуу атка минер болбосом. Кынабын таап туруп: «Шайлоого катышпа»-дегем, менин сөзүмдү кепек ордуна деле көрбөй шайлоого аттанып, акыры иш ал үчүн жаман бүттү.
-Эл арасында аяш акеси Атамбаев менен болгон чатактуу окуялар тууралуу ар кандай сөз жүрөт, ушунун чын-бышыгын айтып берсең?
-Мен деле көрбөдүм, бирок уккан кулакта жазык жок. Атамбаев Ахматбек Келдибековдон спикерлик орунду тартып алып, досу Сооронбайдын иниси Асылбек Жээнбековду алып келет. Үкасынын милдетин татыктуу аткарган Асылбек Жээнбеков 2010-жылы 7-апрелден кийин Банк ячейкасынан Убактылуу Өкмөт тарабынан бөлүнүп берилген акчалардын жигин билгизбей жок кылды, Оштун инфраструктурасын көтөрөм деген губернатор Жээнбеков дээрлик 3 млрд сом бөлүндү эле, эмне кылды деп чыккан Абдулла Капаровду Атамбаев төрт жыл камап салган. Сооронбай Жээнбеков премьер болгондо агасы Жусуп Шарипов келип, экөөңөр тең бийликте турганда болбойт деп, Асылбеги спикерден кетет. Акеси президент болору менен бийликти Асылбек Жээнбеков мыкчып, лифт менен өз кабатынан жетинчи кабатка түз акесине кирип, кадр маселесин чечип, СДПКны Атамбаевге каршы үндөгөн. Хамалеондой өзгөрүлүп кеткен парламентке кыжыры кайнап АША: «Кечээ чимкиригин тарта албай жүргөндө депутат кылдым эле, бат эле сатып кетишти» деп ачууланып, парламентке «чимкирик» деген ат жабышат. Кийин Атамбаев камалып тордун артында жатканда Асылбек Жээнбеков адамкерчилиги жок иш кылган деп жүрүшөт. Атамбаев камалган бөлмөнү ачтырып, «Сен бизди «чимкирик» деп айтасың» деп, ой-да көгала койдой сабаган дейт. Атамбаев ушул күнгө чейин Жээнбековдорго кекенип жүрөт, балким ушул себеп болгондур.
-Кыргыз элинин салтын жакшы билесиң, негизи өлүк учурунда киринбейт эмеспи. Атамбаев 2010-жылы 7-апрелде кан агып жатса, «душка түшүп жуунуп келем» -деп үйүнө кетип калган дешет. Атамбаев жокто он төрт адамдан Убактылуу Өкмөт түзүлүп, Отунбаеваны төрайым кылышат. Таң калганым бул, эмнеге Атамбаев эртеси Убактылуу Өкмөттүн төрагалыгын талашпай, Убактылуу Өкмөттөн Сооронбай Жээнбековду чийип салып ордуна Иса Өмүркуловду кошуп койгон?
-Маселенин түйүнү ушул жерде жатат. Убактылуу Өкмөт түзүлгөндө Сооронбай Жээнбеков мүчөсү болгон. Эртеси Атамбаевдин трайбалисттик сезимдери ойноп кетип Жээнбековду бийликке жакын жолотпой ордуна Бишкектин мэри жердеши Иса Өмүркуловду кошуп койгон. Сооронбай Жээнбеков жандосу Атамбаевге ошондо кек сактап калган. Ал кекти президент болор менен иниси Асылбек Жээнбеков иреттүү ишке ашырды.
Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg