www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эльдар Абакиров:

Кыргызстанга кайсы мамлекет пайдалуу болсо, иштеше берүү керек. Мындай пикирин экономист Эльдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, коңшу мамлекеттер менен пайдалуу аласа-береселерди күчөтүү зарыл.

Мындан сырткары өкмөт ишкерлердин маселесин алдын ала чечүүнү үйрөнүшү кажет. Ошондо ишканалар көбөйүп, экономика өсөт. Натыйжада жумушчу орундар түзүлүп, чогултулган салыктын көлөмү жогорулайт.

«Аткаруу бийлиги мүмкүн болсо, базарларды кыдырып, ар бир ишкер менен сүйлөшүп чыгуусу зарыл. Алар ишкерлерге тийиштүү шарттарды түзүп берсе, 1000ден 200 ишкерди өндүрүшчүгө айланта алсак, миңдеген жумуш орундары пайда болот. Ошол эле учурда өкмөт ар бир ГЭСти изилдеп чыгып, инвсторлорго маалымат бериши керек. Ар бир тармакта чоң-чоң кирешелер бар», — дейт Абакиров.

Ал белгилегендей, Кыргызстан кышты туризмди өнүктүрүп, ири киреше тапса болот. Өлкөдө бир нече жерге лыжа базаларын курууга болот. Бирок ишенимдин жоктугунан инвесторлор келбей жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости