www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын жаңы шайланган президенти Джо Байден инаугурациясына эки күн калганда үй-жайсыздар жана жакырлар үчүн азык-түлүк топтомдорун кутучаларга топтоого барды. Байдендин азык-түлүк даярдап жаткан видеосу интерет айдыңына тарады.
Видеодо Байден башка ыктыярчылар менен кошо беткап жана кол кап кийип, консерваланган азыктарды жакырларга арналган азык-түлүк топтомдорунун кутучаларына салып жаткандыгын көрүүгө болот. Кайрымдуулук акциясын Түштүк Филадельфиядан Филабунданс уюштурган.
Ошентип, демократ адам укугун коргоочу жана африкалык америкалыктардын укуктары үчүн күрөшүүчү Мартин Лютер Кингдин эскерүү күнүн белгиледи, ал күнү кайрымдуулук иштери менен алектенүү адатка айланган.
Белгилей кетсек, Байдендин инаугурациясы 20-январда өтөт. Маалым болгондой, иш-чарага вице-президент Майк Пенс чакырылган.
Булак: NazarNews.kg