www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин 2-декабрдагы кезексиз жыйынында мамлекет аралык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Евразия Экономикалык Биримдиги менен Сербиянын ортосундагы эркин соода жүргүзүү зонасы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Макулдашууга 2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган.
Ошондой эле бүгүнкү жыйында былтыр Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия Экономикалык Биримдиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору да экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.
Мындан тышкары 2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган өзөктүк авария же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан учурга карата даярдыкты камсыздоо жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам берүү боюнча КМШ мамлекеттеринин өз ара кызматташтыгы тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Белгилей кетсек, быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт тополоң менен коштолуп, өлкөдө бийлик алмашкан.
Эске салсак, 22-октябрда Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртмөйүнчө парламенттик шайлоону өткөрбөй туруу жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ага ылайык депутаттар парламенттин мөөнөтүн 2021-жылдын июнь айына чейин узарткан.
Депутаттар муну мыйзамдуу кадам деп түшүндүрсө, бир катар коомдук ишмерлер, саясатчы, юристтер парламенттин мөөнөтү мыйзамсыз узартылганын билдирип келишет.
Булак: NazarNews.kg