www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Партиялар үгүт иштерин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүүгө тийиш. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, республикалык ыкчам штаб шайлоо процессинин бардык катышуучулары – саясий партиялар, шайлоочулар коопсуздук чараларын так сактоосу зарыл экендигин эскертет.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков, абал турукташып калганы менен карантин режими алына электигин белгилеп өттү.

Шайлоого катышып жаткан саясий партиялар бардык санитардык жана эпидемиологиялык чараларды, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо талаптарын так аткарышы керектигин эскертти.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга 50дөн ашуун адамдын катышуусундагы иш-чараларды уюштурууга киргизилген чектөөлөрдү көзөмөлдөөнү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Жыйындында COVID-19га байланыштуу чет мамлекеттерде түзүлгөн кырдаал талкууланды.

Республикалык ыкчам штаб тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдарга чет мамлекеттерден келип жаткан жарандардын өлкөгө кирүүсү боюнча иштелип чыккан текшерүү алгоритмин так аткарууну камсыз кылуу иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости