www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душанбеде милиция энергетикалык сектордогу коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу “Борбор Азия жаңылыктар кызматы” Nazarnews маалымат аегнттигине билдирди.

Ондогон контролерлор пара алып, айрым ишканалардын жана жашоочулардын эсептегичиндеги көрсөткүчтү азайтып берип жүрүшкөн.

Жакында Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгы электр эсептөөдөгү алдамчылык иши боюнча кармалган кишинин видеосун көрсөттү.

Видеодо өзүн Тоджиддин Собиров деп тааныштырган киши: “Контролерлор мага электр эсептегичтерин беришчү, мен аларды Мухаммедге алып барчумун. Ал электр эсептегичтердин көрсөткүчүн төмөндөтүп койчу. Анан мен аларды кайра контролерлорго кайтарчумун”, - деп айтып берген.

Айрым маалыматтар боюнча Тажикстанда өндүрүлгөн электр кубатынын 10% жоготуу катары эсептен чыгарылат жана аны эч ким төлөбөйт.

https://www.centralasian.org/a/30842301.html

Мамлекеттик “Барки Тожик” энергохолдинги Тажикстандагы чыгашалуу ири ишканалардын бири. Компаниянын электр кубатын өндүргөндөргө, инвестициялык долбоорлорго жана салыкка карызы 2 миллиард 800 миллион долларга жетти.

Бул арада Тажикстандын айрым аймактарында элект кубаты үчүн алдын ала акы төлөө системасы киргизилген. Бул пилоттук долбоор жалпы өлкөгө жайылтыла элек. Жаңы системага ылайык, алдын ала акча төлөнгөн учурда гана жарык берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости