www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралиянын Камбоджадагы элчиси Пабло Канг, тукуму жоголуп бараткан бир таш баканы жегенин социалдык тармакта бөлүшкөн. Ага карата берилген реакциялардан улам, элчи ал бөлүшүүсүн өчүрүп, социалдык тармак аркылуу кечирим сурады. Бул тууралуу milliyet.com.tr жазган.

Австралиянын Камбоджадагы элчиси Пабло Кангдын социалдык тармакка тукуму азайып бараткан таш баканы жеген сүрөтүн бөлүшүүсү өлкө ичинде нааразычылык жаратты. Австралиялык дипломат Пабло Кангдын жумшак кабыктуу таш баканы жеп жаткандагы сүрөтүн социалдык тармакта жарыялаган. Австралиялык жаныбар укугун коргоо уюмдарынын мүчөлөрү тарабынан келген реакцияларга бет келген дипломат Канг: “Салам. Жумшак кабыктуу таш бака жана жылан балыктар ууралуу постумду өчүрдүм. Буга нааразы болгондордун баарынан кечирим сурайм. Ниетим тамактарды таанытуу эмес, адамдарга иш сапар учурунда мага берилчү тамактардын айрымдарын көрсөтүү гана болчу”, - деди.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости