Мурда идиш-аяк жууп, кор болуп жүрсөм, азыр элиталар менен эс алып, айына 1000 доллардан ашык табам
Турмуш  |   |  1671

Пандемия кимге жакты?  Мага болсо жаккан жок. Анткени менин жумушум токтоп калды.

Төрт жылдан бери элиталар менен сыртка чыгып эс алуу менен акча таап келчүмүн. Тактап айтканда элита сойкусу болчумун. Балким мени жаман көрүп каргайт болушуңар керек,  бирок мен өзүмдүн баскан жолумду туура деп эсептейм. Мага негатив комментарий жазган адам алдыма аш коюп бермек беле?!  Мен азыр тапканым менен өзүмдү эле эмес, бир туугандарымды, алардын балдарын ачка калтырбай багып келем. Мага окшоп денесин саткандар кыргызстандын ичинде араң 1000 сом тапса мен айына 1000 доллардан ашык табам. Бул жолго келгенче канчалаган азапты тарттым аны эч ким билбейт.

Окууну бүткөнү базарларда жайгашкан ашканаларда идиш-аяк жууп, ар кимге кор болуп жүргөнмүн. "Мени аяп кой, бул да бирөөнүн баласы"- деген эркек болгон жок. Кээде бекер колдонуп да кетишчү. Акыры мен сойкуга айланып калганымды түшүнгөндөн кийин сауналарга массажист болуп жумушка кирип алгам. Ал жакта бир аз шартым жакшырды. Менин бактым да ошол жактан ачылды.

Мага дайыма келгенчү кардар киши мага "тымызын сойку" жумушу бар экенин айтып калды. Көрсө Кыргызстандагы кыздарга тымызын сойку болуп чыгышына ал жардам берип анын эсебинен байып жашайт экен. Шарт эле макул болдум.

Бир ай иштегенден кийин пластикалык операциянын жардамы менен көздөрүмдү бадырайтып, эринимди көлөмдүү кылдым. Фитнес клубдарга тынбай бара баштадым. Албетте аракеттенип турсаң сулуулардын катарын толуктайт экенсиң. Чачы майланышкан, бетинде безетки баскан тултук-бүтүк кыздан сулуу аялга бир жылда айландым. Азыр баягы мени тебелеп, шылдыңдап кеткен эркектер менин эмес машинамдын дөңгөлөгүнө да жакын жолоодон коркот болуш керек. Кымбат машинага тийип алып чөнтөгүндөгү эки сомун берип өзү темир тор артына түшкүсү келбейт да. Азыр мен алардан өч алгым келет. Идиш жууп тапкан акчамды тартып алып, мени пайдалангандарды бирден өлтүргүм келет. Мен жыгылдым, жаман жолго бастым бирок, турганда мага эч ким бут тосо албаган абалда турдум. Чек аралар жабылганы үйдө жатып, баягыдай аралдарга эс албай калганга эскилер эсиме түшүп, аларга болгон кегим, ызам көбөйүп жатат.

Булак: KOMPROMISS.KG

Поделитесь с друзьями