www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пашиняндын жубайы Карабахты коргоого аттанат

Армениянын премьер-министри Никола Пашиняндын жубайы Анна Акопян даярдоо курстарынан өтүп, андан соң Карабахты коргоого бара турганын Facebook баракчасы аркылуу жар салганын РИА Новости жазды.

Буга чейин Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери жолугуп, Тоолуу Карабах маселесинде элдешүүгө жетишкенин айтышкан. Ок атууну токтотуу 26-октябрда саат 08:00дө (Бишкек убактысы боюнча 10:00) күчүнө кирмек.

"Эртеңден баштап 13 адамдан турган аялдардын отряды аскердик машыгууну баштайт. Булардын арасында мен да бармын. Бир нече күндөн кийин биз мекендин чек арасын коргоого аттанабыз. Мекен менен намысты алдырып жибербешибиз керек", — деп Акопян Фейсбук баракчасында жазган. 

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости