www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а., Премьер-министр Садыр Жапаров Багдад Амреевге өлкөдөгү учурдагы саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, ошол эле учурда Кыргызстан элинин биримдиги жана акылмандыгынын негизинде курч саясий кризис ыкчам жана тынч чечилгендигин белгиледи. 

Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

«Түрк тилдүү мамлекеттер ар дайым жакын өнөктөш болуп келген, бизди жалпы тарыхый тамырлар, элдерибиздин тилдеринин, маданияттарынын жана салттарынын окшоштугу байланыштырып турат», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Багдад Амреев өз кезегинде Түрк Кеңешинин экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иши, ошондой эле уюмдун келечегин аныктаган «Түрк Кеңеши – 2025» стратегиясынын долбоору жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча иш-аракеттерди активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Садыр Жапаров кыргыз тарап ар тараптуу кызматташууга даяр экенин айтып,  ТМККнын Инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу демилгесин кубаттады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, ТМКК мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында үзгүлтүксүз диалог жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости