www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Некролог - Дүйшөн Маматканович Маматканов

2020-жылдын 26-октябрында 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер, техника илимдеринин доктору, «Инженердик гидрология жана суу кɵйгɵйлɵрү» боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун илимий жетекчиси Маматканов Дүйшөн Маматканович дүйнө салды.

Дүйшөн Маматканов 1934-жылдын 7-ноябрында Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында туулган.

Эмгек жолун Улуу Ата Мекендик согуштан кийин ɵз айылында баштап, 1956-жылы Фрунзе шаарындагы № 5 кыргыз орто мектебинде математика жана физика мугалими болуп иштеген.

1957-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Гидроэнергетика жана суу чарба институнда гидроэнергетика лабораториясында кенже илимий кызматкер болгон.

1961-1964-жылдары СССР Илимдер академиясынын Сибирь бɵлүмүнүн Сибирь энергетика институтунда аспирант болгон. Аны мөөнөтүнөн мурда аяктап, кандидаттык диссертациясын жактаган.

1964-1981-жылдары СССРдин Энергетика министрлигинин Башкы долбоорлоо илимий изилдөө институтунун Кыргызстандагы илим — изилдɵɵ энергетика бɵлүмүндɵ өзү уюштурган гидроэнергетика тобун жетектеп, аны гидроэнергетика лабораториясына, кийин комплекстүү суу-энергетика көйгөйлөрү лабораториясына айландырган.

1981-1992-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Автоматика институнда өзү уюштурган «Суунун агымын узак мөөнөттүү прогноздоо жана башкаруу» лабораториясын жетектеген.

1983-1987-жылдары бир эле убакытта Илимдер академиясынын Парткомунун катчысы болуп иштеген.

1992-жылдан тартып 2018-жылга чейин КР УИАсынын Суу кɵйгɵлɵрү жана гидроэнергетика институтунун директору кызматын аркалаган.

2018-жылдын июнь айынын тартып ушул институттун илимий жетекчиси болуп иштеген.

Анын илимий ишмердиги 1956-жылы орто мектептин мугалими болуп иштеп жүргɵндɵ математика жана физиканы орто мектептерде окутуу ыкмалары боюнча эки илимий макаласын жарыкка чыгаруудан башталган. 1957-жылы Кыргыз илимдер академиясынын Энергетика жана суу чарба институтунун илимий кызматкери болуп орношуп, «Чон Нарын кɵгɵйлɵрү» маселелеринин алкагында Сыр-Дарыя суу агымдарын комплекстүү башкарууда техникалык жана экономикалык  илимий негиздер» деген тема боюнча иштеген. Бул болсо Нарын дарыясынын жана анын куймаларынын гидроэнергетикалык ɵздɵштүрүү пландарштыруусунун негизи болгон. Ушул эле жылдары Дүйшөн Маматкановдун катышуусу менен Сары-Жаз дарыясынын гидроэнергетикалык потенциалын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн изилдөө максатында рекогноцирдик изилдөөлөр өткөрүлгөн.

Дүйшөн Маматкановдун жетекчилиги астында жүргүзүлгөн изилдөөлөр сууну көп жылдык жөнгө салуу, суу сактагычтардын көлөмүнүн чоӊдугун, алардын эсептик тактыгы жана камсыздануусу иштелип чыккан, суу-чарбалык жана гидроэнергетикалык жабдыктар, алардын топтому үчүн оптималдуу параметрлерин, мындан сырткары, ГЭСтердин кɵп жылдык мөөнөттɵгү суу сактагычтар менен болгон кепилдик колдонуу кубаттуулугун пайдалануу үчүн эсептөө графигин түзүп чыккан.

Дүйшөн Маматканов Ысык-Көлдүн көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгечилердин бири болуп саналат. Анын башкаруусу менен Ысык-Көл жана Чүй аймактарындагы гидроэнергетикалык жана сугат жерлерин өнүктүрүү үчүн суу ресурстарын комплекстүү пайдалануунун илимий негиздери иштелип чыккан. Анын максаты Жети-Ɵгүз районунда жер-суу жана гидроэнергетика ресурстарын ырааттуу пайдалануу жана райондун социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу болуп саналат. Ошонун ичинде Арабел суусун Жуукуга буруп, Ырдык суусуна чейин канал казып, Жууку — Ырдык сууларынын аралыгында 6 миң гектар жаңы жерлерди ɵздɵштүрүп, 10 миңге жакын гектарга суу жеткирип толук камсыз кылуу долбоорлору сунуш кылынган.

Акыркы жылдары Дүйшөн Маматканов жетектеп келген долбоордо Кытай Эл Республикасынын окумуштуулары жана ɵндүрүш кызматкерлери менен ɵз ара илимий кызматташтык интенсивдүү түрдɵ ɵнүккөн. Сары-Жаз дарыясына бир нече электрстанциялардын каскадын курууга техника-экономикалык негизде илимий изилдɵɵ иштери жүргүзүлүп, аны ишке ашыруу маселеси каралган.

Дүйшөн Маматканов инженердик гидрология, гидроэнергетика, суу ресурстарын ырааттуу пайдалануу, ошондой эле суу ресурстарын жɵнгɵ салуу жана башкаруу боюнча залкар окумуштуу болгон. Изилдɵɵнүн жыйынтыктары боюнча 200дөн ашык илимий эмгектери жарыяланган, анын ичинде 12 монографиясы жарык кɵргɵн. Анын жетекчилиги менен 8 докторлук жана 10дон ашык кандидаттык диссертация жакталган.

Ал республиканын коомдук иштерине дагы активдүү катышкан. Кыргыз Республикасынын профсоюз комитетине мүчɵ болуп шайланган. Кыргыз ССР Министирлердин кеңешинин алдындагы Айлана-чɵйрɵ жана табигый ресурстарын ырааттуу жана комплекстүү пайдалануу боюнча илимий-техникалык кеңештин мүчɵсү, СССР Министрлер кеңешинин Илим жана техника боюнча мамлекеттик комитетиндеги «Суу ресурстарын комплекстуу пайдалануу жана сактоо» илимий кеңешинин мүчɵсү, СССР Илимдер Академиясындагы Президиумунун Арал проблемалары боюнча илимий кеңештин мүчѳсү, Арал деңизин сактоо концепциясын иштеп чыгуу боюнча СССРдин Жогорку Совети түзгѳн жумушчу комиссиянын мүчɵсү, Фрунзе шаардык Кеңештин депутаты жана партиянын шаардык комитетинде мүчө, ошондой эле Кыргыз ССРнин Илимдер академиясындагы Автоматика институтунун партиялык уюмунун катчысы болгон жана Кыргыз илимдер академиясынын партиялык комитетинин катчысы болуп шайланган.

Натыйжалуу илимий иштери үчүн 1970-жылы В. И. Лениндин төрөлгөн күнүнүн 100 жылдыгынын салтанатына карата «Эмгектеги каармандыгы үчүн» жана 1990- жылы «Эмгек ардагери», 2015-жылы «Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы» медалдары ыйгарылган. Ошондой эле 1966-жылы СССРдин Энергетика жана электрификация министрлиги жана СССРдин Электростанциялар жана электротехникалык өнөр жай жумушчулар профсоюзунун борбордук комитетинин, 1972-жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1969-жылы СССР энергетикасынын жана электрификациясынын отличниги, 1994-жылы Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиӊирген ишмер болгон. 2004- жылы Кыргыз Республикасынын үчүнчү даражадагы «Манас» ордени жана 2010-жылы экинчи даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

2016-жылы Бириккен Улуу Британия Королдугундагы Оксфорд университетинин Сократ комитетинин «Илимдеги ысым» аттуу ордени менен сыйлаган жана 21-кылымдын залкар илимпоздорунун дүйнɵлүк тизмесине киргизилип, «Дүйнɵлүк илимге кошкон салымы» деген орденге ээ болгон.

Дүйшөн Маматканов Кыргыз Республикасындагы Ысык-Көл облусунун, Жети-ϴгүз районунун жана Дархан айылынын ардактуу атуулу болгон.

Дүйшөн Маматкановдун бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын жаркын элеси бир туугандарынын, жердештеринин, элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости