www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жарандарынын идентификациялык картасы – ID картасына «этностук таандыкты» көрсөтө турган графа киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Бул чечим Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Конституциялык палата паспортко «этностук таандык» графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилиген чечим Конституциянын  38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган.

Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген.

Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости