www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үсөнбаев:

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда декабрдын аягы, январда сасык тумоо күч аларын айтып, элди илдетке каршы вакцина алууга чакырды.

Анын айтымында, курч респиратордук вирустуу инфекциялык (КРВИ) оорулардын сезону бүтө элек.

"Декабрдын аягы, январь айларында сасык тумоо оорусунун өсүшүн жылда байкайбыз. Бул илдет көбөйүп, күчөп кетпеши үчүн атайын эмдөөлөрдү уюштурганбыз. Сентябрдан бери эки этап менен 284 180 адам сасык тумоого каршы вакцина алды. Дагы 550 миң доза вакцина алып келинген, декабрдын башынан бери 3 этап менен Кыргызстандын бардык аймактарында, шаарларында эмдөө жүрүп жатат. Учурдан пайдаланып элди вакцина алууга чакырып кетем. Анткени сасык тумоодон жакшылап сактануу кажет", — деди Үсөнбаев.

Ал өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал толугу менен турукташа электигин айтып, бет кап тагынуу, аралыкты сактоо эрежелерин карманууга үндөдү.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости