www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ичип-жегендерди кустурса болот экен. Ушул кезге чейин советтик чарбанын бөлүштүргөндө атасынан мураска калгансып, колун салып чыпалагын жалабай, дүңүнөн элдин эптеп таап алгандарын басып алгандар бар. Атамбаевдин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев финполдо дагы суракка алынат. Ал 27-ноябрда Каржы полициясы аткаминерди мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Сарпашев мамлекеттик кызматта жетекчи кызматтарды аркалап жүрүп, көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, кийин аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөтпөгөндүгү белгиленди.

7-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат экс-вице-премьер-министр Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнүн балансына мурун алган жана жакын туугандары үчүн каттоодо турган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле Токтогул районунда жайгашкан 30 гектар сугат жерин кайтарып бергендигин жарыялаган. Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы этабын аткарды. Сарпашев 9-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта суракка алынып, тергөө үчүн кызыккан бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин белгиледи.

1.«Градиент-Строй» ЖЧКсы, уюштуруучусу Апазбек Сарпашев, жетекчиси Алмазбек Сарпашев;

2.Кыргыз-казак биргелешкен «Градиент» ЖЧКсы, уюштуруучусу 2013-жылдын февралына чейин Тайырбек Сарпашев, андан соң Эмир-Радик Сарпашев;

3.«Градиент Церера» дыйкан чарбасы, уюштуруучусу  Дүйшөке Сарпашев (атасы), жетекчиси Абдрашит Лапазов;

4.«Градиент-Токтогул» ЖЧКсы, уюштуруучусу Наталья Ким менен Сергей Осипов, жетекчиси Эмир-Радик Сарпашев;

5.«Градиент-NET» ЖЧКсы, уюштуруучусу казак-кыргыз биргелешкен «Градиент» ЖЧКсы, жетекчиси Болот Борболдоев;

6.«Градиент-Недвижимость» ЖЧКсы, уюштуруучусу, жетекчиси Эмир-Радик Сарпашев;

7.«Градиент-Групп» ЖЧКсы, уюштуруучусу, жетекчиси Владислав Ли;

8.«Градиент-Чуй» ЖЧКсы, уюштуруучусу Сүйүн Кадыров, Мелисбек Иманалиев, Мирлан Акматов, жетекчиси Сүйүн Кадыров;

Мурунку бийликтин камчы «чабаары» Тайырбек Сарпашев 2013-жылдын февралына чейин мыйзамдуу, бүгүн мыйзамсыз башкарып келаткан «Градиент» ЖЧКсы 2012-жылы 9 мамлекеттик тендерди утса, 2013-жылы 12 тендерди уткан. Комиссиянын айтымында  2010-жылдын 2013-жылга чейин эле компания 529 млн 522 миң сомдук  110 тендерди утуп алган.

                                              Документтер боюнча «Градиент» ЖЧКсы 2010 жылы 34 млн 774 миң сомдук 18 тендер утуп алса, ар бир тендер орто эсеп менен 1 млн 931 миң сомду түзгөн.
2011 - жылы компания ого бетер күчөп,  жалпы суммасы127 млн 92 миң 275 сомдук 34 тендер утуп алып, орто эсеп менен ар бир тендер 3 млн 738 миң сомду түзгөн.

2012 -жылы «Градиент» ЖЧКсы  190 млн 530 миң сомдук 32 тендер утуп алып, орто эсеп менен ар бир тендердин баасы ракеталык ылдамдык менен жогорулап 5 млн 954 миң. сомду түзгөн.
«Шекшинген өзү шектенет»  2013 жылдан баштап компания анын тендерине болгон кызыгуулар көбөйүп, тендер утуп алуу саны азайган, ошого карабай  жалпы суммасы 168 млн 157 миң. сомдук 26 тендерди чапчый жыгылган. Орто эсеп боюнча ар бир тендердин наркы - 6 млн 467 миң. сомду түзгөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости