www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэриянын алдында митинг өтүүдө

Бүгүн, 15-декабрда жарандар Бишкек шаардык мэриясынын алдына митингге чыгышты. Алар шаардын деталдуу планын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Митинг үшүккө карабастан, бир сааттан бери уланууда, бирок мэриянын бир дагы кызматкери бишкектиктерге чыккан жок.

Митингчилер жооптуу мамлекеттик кызматкерлердин кайдыгерлигине нааразы болушууда. Эми алар Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин алардын астына чыгышын талап кылышууда.

«Бүгүн биз шаардын деталдуу планын жокко чыгаруу үчүн чыктык. Бул документ шаарды өнүктүрүү стратегиясы болуп саналат. Бирок иш жүзүндө ал борборду талкалоого багытталган», – деп билдирди митингдин катышуучуларынын бири.

Ошондой эле дагы бир катышуучу Бишкек ноябрь айынан бери абанын булганышы боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлеп жаткандыгын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости