www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 2022-жылдын 4-6-февралында Пекин улуттук стадионунда өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Ал ошондой эле Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине келген чет элдик мамлекет жана өкмөт башчыларын, королдук үй-бүлө мүчөлөрүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилерин тосуп алуу банкетин, ошондой эле ага байланыштуу эки тараптуу иш-чараларды өткөрөрүн Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чуньине таянып «Хinhua» маалымат агенттиги билдирди.

Олимпиада оюндарынын ачылышына катуучулар:

- Орусиянын президенти Владимир Путин;

- Камбоджанын королу Нородом Сиамони;

- Сингапурдун президенти Халима Якоб;

- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев;

- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров;

- Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон;

- Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов;

- Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев;

- Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси;

- Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Сальман Аль Сауд;

- Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани;

- Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян;

- Польшанын президенти Анджей Дуда;

- Сербиянын президенти Александр Вучич;

- Люксембургдун Улуу Герцогу Анри;

- Монако князи Альберт II;

- Аргентинанын президенти Альберто Фернандес;

- Эквадордун президенти Гильермо Лассо;

- Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ;

- Пакистандын премьер-министри Имран Хан;

- Босния жана Герцеговинанын Министрлер кеңешинин төрагасы Зоран Тегелтия;

- Папуа-Жаңы Гвинеянын премьер-министри Жеймс Марапе;

- Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Пак Бен Сок;

- Азербайжандын вице-премьер-министри Али Ахмедов;

- Таиланд Королдугунун ханбийкеси Маха Чакри Сириндон;

- Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах;

- БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш;

- БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Абдулла Шахид;

- Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус;

- Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директору Дарен Танг;

- БРИКСтин Жаңы өнүктүрүү банкынын президенти Маркус Троихо;

- ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин.

Кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль аралыгында үч кластерде — Пекинде, Янцинде жана Чжанцзякоуда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости