www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Соттордун аң сезиминде коррупция адат болуп калыптанып калган», - деди бүгүн, 31-январда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Шамурза Бөрүкулов.

- Шамурза агай, соттордун айлыгынын жогорулаганы коррупциядан арылышына шарт түзөбү?

- Азыркы иштеп жаткан соттордун айлыгын ай сайын миллион кылып көтөрүп берсе да булардын зарылчылыгы азайбайт, өздөрү кудайга шүгүр дешпейт, пара алышканын токтотушпайт, адамдардын тагдыры менен мындан кийин да ойной беришет. Себеби, булар үчүн аң сезиминде коррупция адат болуп калыптанып калган.

Менин антип айтып жатканымдын себеби: биз Текебаевди, Чотоновду, Садыр Жапаровду соттогон сотторду көргөнбүз да. Канчалык булганган, адамдык сапатын жоготуп коюшкан, адамдын өмүрү алар үчүн бир тыйынга турбаган, бүткүл адамзатты каратып туруп кесибине кыянаттык кылган соттор болчу ошолор.

Эсептеп көрүңүз, ар бир сот процессинде үчтөн сот олтурушат. Бирөөсү кылып жаткан акмакчылыкты экичиси тыйып кое алышпайт? Демек, баары бир көр. Мени атып ташташпайбы, бирок ошолордун баары коррупционер соттор деп коркпой айта алам.

Туура, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев бийликке келишип, заман жакшы жакка өзгөрдү. Бирок, соттор өзгөргөн жок. Ошол эле коррупционер соттор иштеп жатышат. Өздөрү коррупционер болуп жатышса, коррупционерлерди, так айтканда арамды бир жешкен табакташтарын соттой алышабы? Жок. Ошон үчүн коррупционерлер эркиндикке чыгып кетип жатышат.

Ошон үчүн Атамбаевдин соттору жылбай турат. Бул соттор Атамбаевди эки дүйнөдө да соттой алышпайт, себеби Атамбаевдин убагында бирге арам иштерди кылышкан. Азыркы бийлик коррупция менен күрөшөбүз дешип алышып, баягы эле коррупционер сотторду иштетип жатышканы кандайдыр бир күмөн ойлорду жаратат. Себеби, коррупцияны соттор гана жоё алышат.

- Коомчулукта соттордун айлыгын жогорулаткан каражатты келечек муунду өстүргөн, ден соолукту чыңдаган, кам көргөн  тармактарга бөлсө туура болмок деген пикирлер айтыла баштады. Чын эле соттордун айлыгын жогорулаткан каражатты кайсыл тармакка бөлсө, мамлекет үчүн пайдалуу болот деп ойлойсуз?

- Карапайым байкуштардын айлыгына, пенсионерлердин пенсиясына итке сөөк ыргыткандай бир аз акча кошумуш болушуп, а соттордун айлыгын 160 миң кылып олтурушканы да азыркы бийликтин өздөрүнүн таза эмес экенинен кабар берет. Андан көрө эч кимдин айлыгын көтөрбөй, мүмкүн болушунча медицинаны бекер кылганга аракет кылышсын. Элдин эң көйгөйлүү проблемасы ошол.

Себеби, оору айтып келбейт. Ооруп көзүң чачырап турса, акчаң жок болсо, врачтар колуңу карап, берсең карайм, бербесең жаныңды алам дешип турса жаман экен. Туура, медицинаны бир заматта бекер кылыш кыйын. Бирок, кылса болот. Россияда өз элин эмес, медицинский полиси бизге окшогон темселеген гостарбайтерлерди да бекер дарылап жатпайбы. Жок дегенде балдарды бекер дарылай турган кылышсын.

Эң акырында айтарым: Эй бийликтегилер! Жашырганда эмне, силер мамлекеттин камкордугунда жашайсыңар. Балдарыңар каалаган окууларда окушат. Жашооңор жакшы, чет жактан дем аласыңар.

Байлыктын силерге эмне кереги бар. Атамбаев, Акаевдер окшоп элдин каргышына калбай, тарыхта ак тамгалар менен жазыла тургандай болуп иштеп бергиле. Кийин урпактарыңар башын көтөрүп жашашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости