www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Соттордун айлыгын канчалык жогорулатсаң деле ары жагында ынсабына доо кеткен болсо тойбойт», - деди бүгүн, 31-январда NazarNews маалымат агенттигине журналист Сонунбүбү Кадырова.
- Сонунбүбү эже, Финансы министрлиги соттордун айлыгы 161 миң сом болгонун билдирди. Жогорку сот соттордун айлыгы анчалык жогорулатуу болбогонун айтты. Кимисине ишенебиз?
- Финансы министрлиги айтса туура айтат. Себеби Алмаз Бакетаев эч убакта жаап-жашырып, кылтыңдамайы жок. Болгонун болгондой сүйлөгөн жигит. Ал эми жогорку соттор ар убак маселени ачык айтпай көнгөн да. Ошон үчүн бул жерде мен Финансы министрлигинин айтканына ишенем.
- Соттордун айлыгынын жогорулаганы коррупциянын азайышына шарт түзөбү?
- Соттордун айлыгын канчалык жогорулатсаң деле ары жагында ынсабына доо кеткен болсо тойбойт. Башка жол менен оңдош керек. Люстрация кылыш керек же тамырынан тазалап, реформа кылуу керек. Анткени, эч убакта соттордогу коррупция алардын маянасын көбөйткөндөн токтобойт. Алар алып көнүп калышкан. Ошон үчүн алар өздөрү ушунча жылдан бери түзгөн схеманы жокко чыгара алышпайт. Болгону сот системасын реформа кылуу керек.
Деги эле Кыргызстанда коррупция гүлдөп, тамырлап, системага айланып калган. Бардык тармакта реформа керек. Эгер түп-тамырынан жаңыланбаса маянаны көбөйтүү менен маселе чечилбейт.
Мугалимдерби, врачтарбы, милициясыбы, журналистиби бирөөнүн колун карап үйрөнүп калган. Маянаны көбөйтүү айласыздын иши. Ошон үчүн бийликтегилер чын ниети менен жаңыланууну каалаган кесипкөй, реформаторлорду топтоп, ошолордун күчү менен сормо саздан чыгып кетиши керек.
Булак: NazarNews.kg