www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Жогорку Кеңеште пенсия көлөмүн “жашоо минимумуна” жеткирүү маселеси көтөрүлгөн. 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди: "Бизге пенсиялык топтомо бөлүгү боюнча жарандар келип жатат. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. 2024-жылга 1,5 млрд акчаны төлөп берүүгө даярбыз. Акчабыз бар, азайып кетет деген коркунуч жок". Алиевдин айтымында, пенсиянын топтомо бөлүгү иштеген жылдарга эмес, төлөгөн акчасына жараша эсептелет. Жалпы иштеген жылдардын айлыктары эсептелип, ошонун 2% топтомо бөлүк катары берилет.
Бул сумма бүгүнкү күндө 7 миң сомдон ашканын, ал эми пенсиясы 1900 сом болгон жарандар бар экенин айтылган. Соңку 1,5 жыл ичинде 4 миңдей адамга жалпы суммасы 800 млн сомго жакын пенсиянын топтомо бөлүгү берилди. Пенсиянын топтомо бөлүгү пенсияга жаңы чыккан учурда, башка мамлекетке жашаганы кетип жатканда, жүрөгүнө же онкологиялык жактан операция боло турган учурда, ипотеканын баштапкы төлөмүнө жана кредиттин өзүн да жапканга колдонууга берилет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg