www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тууну бир аз өзгөртөлү дегендерден эмес, туубузду жыгабыз дегендерден сактаналы. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси Медетбек Букуев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

-- Урматтуу Медет Омошевич, азыр өлкө боюнча кызуу талкуу болуп жаткан мамлекеттик туунун өзгөртүлүшүн колдойсузбу же каршысызбы?

-- Бул боюнча менин оюм ичимде эле болсунчу.

-- Медет агай, бул жерде бир чети президентибиздин кеңешчиси, бир чети агайы катары сиздин пикириңиз көпчүлүккө маанилүү деп эсептелет, ошондуктан оюңузду ачык-айкын билдиргениңиз туура го дейм.

-- Негизи мен башынан эле жакшыбы-жаманбы оюмду ичиме кармаган адаммын. Көпчүлүккө чыгып, ой-пикиримди жарыялоодон алысмын. Принциптерим ошондой. Мен жасаган иштеримди жалпыга жарыялабай эле, акырындап иштей берген адаммын. Мага эң негизгиси баштаган иштин илгерилеши, алдыга жылышы, элге пайдалуу натыйжа бериши маанилүү. Алардын ар бирин жарыялап туруу менин табиятыма туура келбейт.

Бирок айрым учурларда оюңду ачык билдирүүгө туура келет окшобойбу. Мынакей учурдагы мамлекеттик туунун кызуу талкууланышы, маселе мамлекет башчысынын көз карашына чейин келиши, дал ушундай жагдай-шартты жаратты окшойт.

Адегенде бир нерсени баса белгилеп айта кетейинчи. Өлкө башчысы тууга байланыштуу маселеге үн катпай, бул мыйзам чыгаруу органы тарабынан чечилчү иш деп четтеп туруп алса деле болмок. Бирок Садыр Нургожоевич бийликке келерде дагы, бийликке келгенде дагы, андан бери бир нече ирет мамлекеттик башкаруу тууралуу оюн ачык айтып, бардык жоопкерчиликти Президент тартышы керек деген көз карашты карманып келатат. Мына ошол көз караштан алып караганда, бул ирет дагы “мамлекеттик туунун өзгөртүүнү мен демилгелегем, тепкилесеңер мына мени тепкилегиле” деп ачыкка чыгып олтурат. Дал ушул учурда тууну өзгөртүү маселеси ого бетер күчөп кетти көрүнөт, ага Президенттин оппоненттери дагы ого бетер май чачып, элди ого бетер дүргүтүп салды.

 Эми менин көз карашыма келсек. Билесиздер, Курултайда эл ичинен тандалып келген делегаттардан тууну өзгөрүү идеясын колдоп коюуну суранган Президенттин демилгесин мындай чечмелер элем. Президент эмне үчүн элден суранды деген суроонун айланасында ой жүгүртүп, анын бул кадамга эмнеден улам баргандыгына ой тегеретип көрөйүн. Анткени, мен бул Садыр Нургожоевичти 30 жылдан ашык убакыттан бери жакындан билем, жакшы тааныйм. Элибиз көп биле бербеген, өзүм күбө болгон сапаттарын айтсам, балким сыр түйүнү чечилип, эл өзүлөрү тыянак чыгарышар дейм. Болбосо, мамлекет башчысы ырым-жырымга ишенет экен деген ар кандай суу кечпеген кептер да айтылып кетти.

Кыргызда жигит, жигитчилик деген сөздөр бар, туурабы. Бирок кийинки мезгилде эркек аттуунун баарын эле жигит деп калбадыкпы. Чынчынына келгенде, кыргыздын нукура жигити намысты колдон чыгарбаган, “атасын өлтүрөнгө энесин алып берген”, астына душманы баш ийип келсе, кечире билген айкөл адамды аташкан.

Мен расмий кеңешчиси катары анын бийликке келгенден кийин мамлекетте жетишилген ийгиликтерди чекесинен санап, мына ушинтип атабыз десем деле жарашмак.

Бирок анын жеке сапаттары, жигитчилиги тууралуу кеп козгоюн. Себеби, чыныгы кыргыз жигити эл камы үчүн жүгүрүп, эл камы үчүн күйүнөт. Кайдагы ырым-жырымга эмес, көкүрөгү мекенчил сезимге толгон намысына ишенет! Чыныгы кыргыз жигити айкөл болот, жоомарт болот, көк болот, чыдамкай болот. Элинин сөзүн көтөрө билет.

Болбосо, мынакей, соңку тарыхыбыздагы мамлекет башчылары жаман салтка түшүп алышты эле. Кимси келбесин, кеткенин шыбап, кекчил болуп камаганга чейин барышканын силер, биз, коомчулук - баарыбыз эле билебиз да, туурабы. Ал эч биринин атын атаган жок, тим гана 30 жылда түзүлүп калган, коррупциялашып кеткен системаны күнөөлөдү. Тескерисинче, алар да кыргыз элинин уулдары деп 5 экс-президентти башын кошууга жетишти. Өзүн камаган Атамбаевди кечирип, өткөн менен кеткенди сууга салды. Бул айкөлдүк эмей эмне! Ал тургай канынан, боор этинен бүткөн карачечекей уулу жол кырсыгына кабылганда, бул да болсо Алланын амири деп сүзүп кеткен балага кечирим берди. Мындай кадам ар кимдин эле колунан келе бербейт го дейм. Камакта жатканда эмне деген гана окуяларга туш болгон жок, эл чеке-белин эле билет. Ар кандай айла-амал менен сындырууга аракет кылышты. Көктүгүнөн, өжөрлүгүнөн айтканынан кайткан жок. Түрмөдө жатканда тууган-туушкандарынан, дос-тамырынан келген оокат-ашын колунда жок, колдоосу жок, сурап алаар тууганы жоктор менен бөлүштү.

Учурунда, депутат кезинде парламенттен “Кумтөрдү” улутташтыралы деген сунуш менен чыкты эле, эч ким ишенген эмес. Ал кезде мен деген саясатчылар, эл ишеним арткан белгилүү инсандар депутат болуп турушкан. Мына ошолор дагы ишенбей, куру утопия катары кабыл алышкан. Бирок акыры элдин байлыгы элге өттү го. Мындай мисалдарды чекесинен тизмектеп берсем болот.

Дегеле, анын жоомарттыгы, боорукерлиги, сөзүнө тура билгендиги, бир нерсени жасаарда анын көп жагынан ойлонуп анан жасай тургандыгын мен андай иштерге күбө болгон адам катары айтып олтурам.

Тууну бир аз өзгөртөлү дегендерден эмес, туубузду жыгабыз дегендерден сактаналы. Ошол эле Баткендеги чек ара жаңжалдарында кыргыздын туусун түшүрүп, башка туу сайып кеткен учурларда, кайсы мамлекет башчысы азыркыдай батыл киришип, чек араны аягына чейин чыгарууга белсенди эле. Анда деле боло келген баш ооруткан окуя деп, айланып-тегеренип, экинчи тарап менен сүйлөшүү жүргүзүшүмүш болуп, мөөнөтүн өткөрүп жиберсе деле болмок, мурункуларга окшоп. Бирок антпеди, чек араны чечебиз деп жигитче сөз берди, Кудай буюрса улам бир жери чечилип олтуруп, аягына чыкканы калды. Аманчылык болсо ага да күбө болобуз, ага да сүйүнөбүз.

Мен мамлекет башчысы тууралуу жогорудагыларды айткандарымдын себеби, Садыр Жапаров бир нерсе жасардан мурда “жети өлчөп, бир кесип”, миң толгонуп, миң ойлонуп, маселенин тарых- таржымалын дыкат иликтеп чыккандан кийин анан чечим кабыл алат. Жоопкерчиликти алып, тобокелчиликке баш байлайт. Бул ирет дагы кыргыздын туусунун айрым элементтерин гана, бул сөзгө терең маани берели, ал баарын алмаштырып жиберели деген жери жок, айрым жерлерине гана түзөтүү киргизүү тууралуу айтып жатат. Демек, анын мамлекеттик желектин 30 жыл мурунку кабыл алынышын таржымалын эле эмес, тээ байыртан берки тарыхын изилдетип чыккандыгына мен бөркүмдөй ишенем.

Башка бир өңүтүнөн карасак, Мамлекет башчысы жөндөн жөн эле бул демилгени көтөрө калган жок да. Эл арасында азыркы желегибиздин айрым элементтерине ичи чыкпагандар бул маселе чыкканга чейин эле бар эмес беле, туурабы.

Ошондуктан мен Президенттин туунун айрым элементтерине түзөтүү киргизүү боюнча пикирин толугу менен колдойм.

-- Медет агай, ой-пикириңизди ачык айтканыңыз үчүн чоң ыракмат.

-- Силерге да ыракмат, ишиңер ийгиликтүү болсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости