www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдүн пляждык аймагына таштанды таштаган муниципалдык ишканага административдик айып пул салынды.
Буга чейин интернет булактарында Ысык-Көлдүн жээгиндеги белгиленбеген жерге таштанды төгүлгөнү тууралуу маалымат тараган. Бул факты боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө интернетте тараган маалымат ырасталып, таштандыны мыйзамсыз чыгаруу фактысы аныкталды.
Жыйынтыгында Григорьевка-Пристань айылына караштуу «Келечек» муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарына ылайык 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды жана юридикалык жактарды таштандыларды атайын белгиленген жайларга гана чыгарууга жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзам талаптарын сактоого чакырат.