www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иракта Украина тарапка иштеген бир нече топ кармалды. Алар өлкө аймагындагы террордук аракеттерге тиешеси бар деп шектелүүдө. Бул тууралуу 27-июлда Ирактын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Касем аль-Абуди билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдары буга чейин өлкө ичиндеги мамлекеттик объектилерге ок чыгарган «бир нече чакан топту» кармаган.

Кеңешчинин маалыматына ылайык, сурак учурунда кармалгандар «Украина үчүн иштегенин моюнга алышкан». Бул тууралуу Shafaq News порталы анын сөздөрүнө таянып жазды.

Ошол эле учурда аль-Абуди кайсы объектилерге кол салуу болгонун тактаган эмес. Ошондой эле кармалган согушкерлердин Ирактан тышкаркы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилген жок.

«Бизде маалыматтарды талдоо менен алектенген чалгындоо тобу бар. Алар Ирактын иштерине Украинанын кийлигишүүсү бар деген тыянакка келишти», - деп билдирген кеңешчи.

Последние новости