www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын өкмөтү медициналык себептен улам аялдарды бойдон алдырууга тыюу салган сот чечимин аткарбай турат. Буга өлкө жарандарынын сот чечимине каршы акциялары себеп болду. Польшанын премьер-министринин кеңсе жетекчиси Михал Дворчик британиялык “Guardian” басылмасына “талкуу жүрүп жатат, бул татаал, эмоциялуу кырдаалдан чыгуу үчүн жаңы позицияга жана диалогго көңүл бурулса жакшы болмок”-деп билдирген.
Дүйнөдө бойдон алдырууга тыюу салган эң катаал эрежелердин бири Польшада кабыл алынган. Бул өлкөдө эненин саламаттыгына коркунуч жаралганда, аял зордукталганда жана баланын түйүлдүк кезинде майып экени белгилүү болгондо гана аборт кылууга уруксат берилген.
Бирок быйыл Польшанын Конституциялык соту түйүлдүк кезинде кемтиги аныкталгандарды бойдон алдырууга тыюу салган.
Мындан соң өлкөнүн көпчүлүк аймактарында нааразылык акциялары өткөн. Борбор калаа Варшавада 30-октябрда өткөн акцияга эле 150 миңдей киши катышкан. Алар жолдорду бууп, чиркөөлөрдөгү жөрөлгөлөрдү үзгүлтүккө учураткан.
Польшада жыл сайын легалдуу жол менен миңден ашык аял бойдон алдырат. Алардын 98 пайызы түйүлдүк кезинде кемтиги аныкталган соң ишке ашат.
Булак: NazarNews.kg