www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда иштеп жаткан тоо-кен тармагындагы компаниялардын ишмердүүлүгүн атайын түзүлгөн комиссия иликтеп чыгат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли менен жолугушуп жатып билдирди.
Ал комиссия ишканалардын экологияга тийиштүү маселелерин дагы карап чыгарын айтты.
«Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен компания жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынып, алар менен бир макулдашууга келебиз деген ойдомун. Мындан ары тоо-кен тармагындагы ишканалар кайсы бир топтун эмес, жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн иштейт», - деди Жапаров.
Ал мындан ары тоо-кен тармагынын продукциясын концентрат катары чет өлкөгө чыгарууга бөгөт коюуларын белгиледи.
«Учурда адистер тоо-кен тармагынын продукциясын концентрат катарында чет өлкөгө чыгарууга бөгөт коюу боюнча иш жүргүзүүдө. Даяр продукция катарында чыгарса болот. Муну менен киреше мурдагыдан көбөйөт. Мындан ары лицензия берилбейт. Бирок буга чейин уруксат алган компаниялар ишмердүүлүгүн жүргүзө берет. Алардын ишине тоскоолдук кылбасаңыздар», - деди Жапаров.
Булак: NazarNews.kg