www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент 500 айымга ак жоолук белек кылды

Энелер күнүнө карата 15-майда борбордо уюштурулган парадга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев да катышты. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, иш-чара министрликтин колдоосу менен пенсионерлер партиясы тарабынан уюштурулган.

Катышуучулар борбордон Максим Горький атындагы скверге чейин басышты. Жолугушуунун алкагында аймактардагы активист айымдарга министр ардак грамоталарды тапшырган. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун атынан парадга катышкан 500 айымдын баарына ак жоолук беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости