www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын май айына карата "Альянс Алтын" ишканасы республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык түрүндө 6,5 млрд сом төктү.
Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, андан сырткары "Кирешенин 2 пайызы жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоого" беренеси боюнча да төлөмдөр жүргүзүлдү.
Талас облусун өнүктүрүү фондуна - 195, 7 млн сом, Талас районун өнүктүрүү фондуна - 117,4 млн сом жана Бекмолдо айыл аймагын өнүктүрүү фондуна - 78,3 млн сом бөлүндү.
Азыркы учурда "Альянс Алтын" ЖЧКсында 707 кызматкер иштейт. Алардын 422си Талас облусунун тургундары жана калгандары башка аймактардан. Аталган облуста тоо-кен ишине 361 адам окутулуп, алардын 201ри тандап алуу комиссиясынын жыйынтыгы боюнча "Альянс Алтын" ишканасына ишке алынды.
“Жерүй кениндеги иштер бардык экологиялык эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт. Адистер жаз айында бир нече жолу кен ишканасына жакын жайгашкан дарыялардын суусун текшеришти. Суунун булганган жана кандайдыр бир уулуу заттар табылган учурлары катталган жок. Муну менен дарыялардагы суунун сапаты жаратылыш стандарттарына жооп берери аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg