www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 107 миң үй-бүлө, анын ичинен 349 бала “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алат. Бул тууралуу маалымат жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна кошумча 1 млрд 191 млн сом каралды.

“2022-жылдын 1-июнунан тартып аталган жөлөкпулдун өлчөмү 50 пайызга көбөйтүлдү. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөр үчүн жөлөкпулдун өлчөмү 810 сомдон 1200 сомго чейин жогорулатылды”, - дейт ал.

Базарбаев мындан сырткары, төмөнкү категриялар боюнча жөлөкпул көбөйтүлгөнүн айтты:

– жалпы оорудан I топтогу майыптыгы бар адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;

– жалпы оорудан II топтогу майыптыгы бар адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

– жалпы оорудан III топтогу майыптыгы бар адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;

– ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

– баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;

– улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин көтөрүлдү.

Эскерте кетсек, 14-майда президент Садыр Жапаров “Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости