www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров «Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Калктын аялуу катмарларын, анын ичинде бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды (18 жаштан жогору) баккан жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
Ошондой эле бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөм төлөө киргизилүүдө.
Мындан сырткары, 2002-жылдын 17-18-мартында, 2010-жылдын апрель-июнь айларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү жогорулатылууда.
Булак: NazarNews.kg