www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ата мурасы соолбос булак
Улут жоюлаарда эли ар-намысын сатып калат.
(XVII кылымдын немис философ-акыны)
Бул – алмуздактан, ата-бабалардан бери наркталып-баркталып, кийинки муундарга дейре мезгил сынынан таасын өтүп келе жаткан жашоо-тиричиликтин шарттуу, үлгүлүү көрүнүштөрү.
Ар бир чоң-кичине элдин, улуттун турмуштук күзгүсү, сыймыктанаар даңазасы. Кыргыз эли – байыркы эл. Маданияты байыртан башталат. Демек, бул бай мурасы бар дегенди туюндурат.
Дүйнө жүзүндөгү калктар да эч бир теңдеши жок айкөл «Манас», андан кийинки кенже эпостор уюткулуу журтчулуктун даанышмандыгын, сыймыгын, акылмандыгын айгинелеп турат.
Кыргызда ата мурасы, эне табериги, бабалар наркы деген туюнтмалардын төркүнү эле буларды урматтоо, уютку катары кароо, күндөлүк турмушта колдонуу, ушул аркылуу башкалардан айырмалануу, өзүнчө элдик маданияттын чордонун түзүү экенин азыркылар аңдап билүүлөрү керек.
Кыргызда бизге чыпчыргасын коротпой, ар кандай мезгил сынын тоготпой, башкалардыкын жолотпой, анын тазалыгына кол тийгизбей, сөөлөттүү-дөөлөттүү күтүүнү аркалап, эми эле эмес, келечекке да калтыруучу мурастарбыз көп.
««Манас» эпосу кыргыз бул турмушунун энциклопедиясы» деп, академик Болот Юнусалиев айтса: «Манас» кыргыз мурасынын туу чокусу» - деп, Чынгыз Айтматов баа бергендей, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясы боз үй, арийне, мындай жер майышкан аныктамалардан улам, «Мурас» - дегенди кимдер гана түшүнөт?
Чын сөздү коркпой-үркпөй айтканда, азыр бул тууралуу ачакей ойлор ондоп саналат. Биринчиден, элдик мурас өткөн доорлордун берки бизге калтырган байлыгы! Бирок андан феодализмдин саңырсыган жыты, калдыгы уруп турат.
Ал ата-бабаларыбыздын эң эле жөнөкөй жашоолорунун бизге эптеп жеткен, элге сиңип кеткен, тамыры соолучу нерсе дечүлер болгон. «Азыркы заманда анын ээлей турган оруну жок, мазмуну да, түрү да өзгөрдү» – дечүлөр четтен чыккан.
Алар жаңыча жашоону сүйүшөт. Европалыктардай жүрүүнү каалашат. Азыр да ушинтишет. Ой-пикир, кебете-кешпир, сүйлөгөн сөздөрү, ал турсун жеген-ичкендери ошол тарапка имерилүүдө.
Мейли, ар ким ар кандай жашоого акысы бар. Алар так ошондой жүрүүлөрү apкылyy турмуштук ыракат алышат. Анткени бүгүнкү кырдаал, көз ачып көргөн, көңүл чаап өпкөн, ары-берикеткен жакырчылыгы ушундай болуп отурат дейли.
А бирок, бала кыргыз болуп туулду, апанын ак сүтүн чопулдата эмди. Эне ага балкып ийип берди. Чоңойду-чочойду, анан эле ата-эненин ошондой алпештеген турмушун жерисе, эмне демекчибиз. Мындан сыпайы айтаар сөзүбүз, андайлар мурасты колдонбосун, бирок аны таптакыр жерибесин! Бул атаңдын жакасын басканга, касам ичкенге барабар.
Экинчиден, «Мурас», «Ата мурасы», аны сактоо зарыл деп кыйкыруучулар да бар. Алар ооздун энин аяшкан жок. Аны биз «Манас» мааракесине карата даярдык көрүү учурунда билдик.
«Манастын 1000» жылдыгын кызыл кулактык тарапка буруучулардын айрымдарынын бети ачылды. Ушул убакка дейре куйрук калбырын үзө албай жүрүшөт. Улуктардан «Манас» эпосун окубагандар четтен чыгат. Көптөрү билбесе да, көбүртүп-жабыртып, «Манас» деп ураан чакырат, мына ошолордун күн тууп жатат.
Арийне, мурасты сактоо, жактоо, жаттоо, мактоо эмес. Бул кыңыр иштер аркылуу ага шек келтирүү тарапка баратышы.
Үчүнчүдөн, мурасты жаңы шартка карата моюн сундуруу, т.а. ага бүгүнкү күндүн талабындай мамиле кылуулар күн тартибине келип олтурат. «Ошондо ата-бабалардын эбактан бери элдик нускага айланган дөөлөттөрү колдонуулардан чыгуулары тийиш, аларды кимдер асырап, сарысаптап олтурмак эле.
Аны жаштарга кимдер таңуулап олтурмак эле. Алардын заманы бүттү. Шарты, салты, наркы, табити башка. Маданияттуу жашоо керек. Андыктан, батышты туурайлы, ошондо башкалардын катарына кошулабыз»... Ушул сымал ниеттер өнө боюна синген кийинки муундар, албетте, абалды түп тамырынан бери өзгөртүп жиберишти.
Төртүнчүдөн, элдик мурасты өсүп-өнүгүп, ошого жараша түрүн өзгөртүп туруучу категория катары карап жатышы - өтө чоң жаңылыштык. Туура, мурас өсүп-өнүгөт. Ал эми-өнүктүрүү десе өзгөртүү деп түшүнүүгө болбойт. Өзгөртүү - учур талабына карата кубулул туруу. Булар - билимдүүлөр.
Окумуштуулар, айбаттуулар, жоон көкүрөктүүлөр. Күлкү келтирээрлик жаңылып, элдин оюн-тилегин ирээнжитип олтурушат. Мурасты өзгөртүү - зыян, анда эле мурастын тамыры соолот. Уңгусунан ажырайт.
Буйлалуу төөдөн элпек, өйдө-төмөн жетелеп, желдирип келе берсе, кыргыз эли түпкүлүгүнөн ажырайт. Анда Кыргыз Ата, байыркы журтчулук касиетинен калат. Андан кийин орус бол, англичан бол, негр бол... айтор, сенин тукумуң кайда барып такалсың, ишин жоктой...
Бир мисал келтиреличи, биз билген Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» аттуу драмасы классиканын үлгүсү. Беш жүздөн ашуун курдай сахнада коюлду. Муну кайра-кайра көрүүдөн эл тануучу эмес. Эгер кийинки муундардан өткөндөгү тарыхка кайрылып калуучулар чыкса, бирок мурастык сөөлөттер табылбай кетсе, ошондо Акылбек карыяга чулдук тумшук туфлий, тумшугу узун шапке, же этеги эки ийинге көлөкө шляпа кийгизип, чокчо сакалчан кылып, Оңолканга батыштын байбичелериндей денени чыптама көйнөк, шиш така менен чыгарса, ошол анда кыргыздардын жаңы шартча өнүгүшү, өсүшү, өзгөрүшү мына ушундайча болууга тийиш дейбизби?
Дагы бир мисал, улуу акын Токтогулдун комузунун узундугу 63 см гана болгон. Ал ат үстүндө, чепкен ичинде, колтукка кысып жүрүүгө оңтойлошкон. Азыр билермандар чыгып: «Комуздун түрүн көбөйтүү, көрүнүшүн өзгөртүү керек», - деп кыйкырышууда. Кудайды гана карачы!
Мурас кантип өзгөрөт, үч кыл комуздун көрүнүшүнө шек келтирбей, анын үндүүлүгүн арттырып, ичеги кыл менен арбын чыгаруу башка маселе. Мунун да алгачкы үлгүсү жоголуп кетсе, не пайда, Токтогул ырчыны, оо бир кезде эскерүүчү ата-уул чыкса, ал тууралуу спектакль койгусу келсе, Токомо шляпа кийгизип, балалайка карматып, Алымканды ырдатса, ошол азыркы учурга шартташтыруу болуп саналабы?
Бешинчиден, мурасты жаңы шартка моюн сундуруу - адепсиздик. Ата-бабалардан калган белек ага моюн сунуп да бербейт. Эмне үчүн «мурас, мураскер» дейбиз. Кийинки муундар мурастын мураскерлери б.а. аны так ошондой улантуучулар болуп калуусу тийиш.
Эмне үчүн эне табериги дейбиз? Чоң энелерден, тайэнелерден, андан мурунку түп энелерден калган асем белек-бечкектерди. Өзүмдү эстеп, өзүмдөй көрүп, сактап жүрсүн, аларда өзүлөрүнүн урпактарына берсин дегени, ал асыл белекти ыргытып таштоо, колдонуудан чыгып калды деп, аны бузуп-өзгөртүп, желпинип жүрүүчүлөр азыр азбы?
Демек, байыртадан келе жаткан байбичелердин, карыялардын үмүтүн, аманатын анын урпактары таш каптырып жатпайбы?
Алтынчыдан, мурас калыбына келтирүүнү, унутулган үлгүлөрүн кайрадан жаратууну, кийинки муундарга таратууну каалайт. Анын азып-тозуп, керектен чыгып калышы Кыргыз Атанын аброюн кетирет.
Терс көрүнүштөргө эгедер кылып коет. Башка улуттарга салыштырмалуу бул жагынан алганда көчмөндүү байыркы элдин сыймыктанаар, сыйлап алаар, бир жоголсо табылбас дөөлөттөрүнөн кол жууп баратышын кимдер айтпайт. «Бул буюм тайым, урп-адат, каада-салт пайдалануудан чыгып калды,» - дегендин кесепетинен оң таасир берип келген, азыр да берүүчү нерселерден жаа бою качуу, ал - элдин шору.
Алсак: кумар ойноо, базарлык доолоо, уйкулук таштоо, кыз ала качуу өңдүүлөр нарктуубу, же тогуз коргоол, ордо, упай ойнообу? «Базарлык алып келет» - деп жол кароо, уйкулук таштоо деп, аны аткарбай туруубу?
Албетте, экөөндө тең арактын азабы! Эл муну жаңы салт-адат кылып алды. Кумар ойноо, арак ичүү, кыз ала качуу башкалар аркылуу келди, келип, каадалуу салт катары орун алган булар - элдик үрп-адаттардын жашашына кедерги болуучулар. Демек, «элдик» дегендин өзү эле тазалыкты, таалимдүүлүктү, нукуралыкты айтып олтурат.
Жетинчиден, мурас - эл тарыхы, жер тарыхы. Ар эл өзүнүн тарыхын, санжырасын тааныбай, танып, жерүү өтө коркунучтуу. Мында сөз элдин тарыхы жана тагдыры тууралуу бара жаткандыктан таржымалым, ата санжырам, межирем, ансыз кантип мени улуту кыргыз, Нарындык, уругу кара Моңолдор, башка уруу-уруктар менен куда-сөөк болуп жуурулушуп кеткен дейт. Мунун өзү элибиздин санжыралуу салты, эбактан келе жаткан наркы.
Жанагы жети атаңды билип ал, үйлөнүүдө мунун генетикалык мааниси бар. Канчалык тууганчылык алыстаган сайын уруктук касиеттер артылат. Ошондуктан кыргыз элиндеги демократия - ушул уруулар аралык, достук, тамырдык, куда-сөөктүк, маданий-соодалык, ич ара катыштык. Андай байланыштарынын мааниси-маңызы зор.
Эмне үчүн:
«Тегимди сурап немесиң,
Тентиген жандан дедиңби?»
- деген саптын чоо-жайында «теги» - наркы, м.а.
«Наркымды сурап немесиң,
Наркы жок адам дедиңби?»
деп чечмелөөнүн уруучулугу, улутчулдугу барбы?!. «Бөйрөктөн шыйрак чыгаруу» аркылуу мураскердик касиеттер тепселип баратат. Мурас - ата-бабадан келе жаткан адептүүлүк.
Анын ыйманы ичинде. Ал адамдарга коңурдуулук, туруктуулук, сүйкүмдүүлүк, ажардуулук аркылуу көрүнөт. Т.а. ыймандуулук, адептүүлүк экөө биринин сапатын, даражасын бири толуктайт.
Адамдардын ою боюнча түбөлүккө жашайт. Адамдык оң таасирлер ар дайым жаныңда. Арийне, мунун эмнеси жаман? «Кыргызда улуулардын көзүнчө бирөөлөргө далыңды салба! улууларды тик караба, жолунан кыя өтпө!» - сымал салттар бар.
Анын ордуна жоон сандарын көрсөтүп, алжактап, ар ким менен ырсалактап, сагыз чайнап олтуруусунун кайсынысы ыймандуулук, адептүүлүк, сыйдалык, алгылыктуу таалими, тарбиясы артыкталып турат. Орок тырмак чөкөтаан, каракучкачтай боенгон, басса-турса сүлкүлдөгөн, орусча сүйлөгөн, оозунан ак түтүн бүркүп, чачын кыркып, кирпи чечендей көрүнгөн, чаар дамбалчан; аялдамаларда, коомдук жайларда, жалашып-жукташып, олтурган кыз-уландардын жоругу жара шыктуубу?
Же этеги бутун жапкан, орундуу сөз каткан, узун чачтуу ургаачы көрктүүбү? Сылык-сыпайы, зыңкыйынкы улан-кыздар алымдуу-беримдүүбү? Кыргыз Атада кыз баланын тамеки тартканы, арак ичкени жакшы жорукпу?
Сегизинчиден, мурастын кереметтери, артыкчылыктары этнографиядан, төтөн, көркөм кол өнөрчүлүктөн көрүнүшү тийиш эле. Өнөрдү мурастык жагдайда таанып-билүү максаттары унутулду. «Билармандардын» оюна койсо, боз үйүбүздү да түп тамырынан бери өзгөртүүгө даяр. Ошентип да көрүштү.
«Манас-1000ге» карата Таласта Оштуктардын үч кабат боз үйү тигилди. Анын ички-сырткы кешпирин көрүп турушуп: «Кезегинде ушундай үйлөр болду беле?» - деген суроолор туулду.
Уч кабат үйдү жети КАМАЗга жуктеп келишти. Жети күндө тигүү, жети күндө чечүү, жети күндө жүктөө, жети күндө түшүрүү машакаты болду. Ошондо ал сынып бүлүнүп турду.
«Кыркынчы мык» менен ал жерлери улам оңдолду. Ал эми анын ички жасалгаларын көрүүчүлөр өтө серт кабыл алышты. Азыр ал үч кабат үйдүн тымтыракайы чыга баштаган.
Боз үй-мурастык үлгү. Ал көлүккө эле жүктөлөт. Алеки заматта тигилет. Мык, ж.б. темир-тезектер керектелбейт. Ички-сырткы жасалгалары жалаң жүндөн болуп, көз отуңду чачыратат. Ушундай жээлигүүнүн кесепетинен өнөрдүн көркөм каражаттары, оюм көчөттөрү өзгөрүлүп кетти.
Мааракелерде чыгармачылыгын тематикалык планда иштөө үчүн сүрөтчүлөр сүрөт тартат, обончу-композиторлор обон-аваз чыгарат. Акын-жазуучулар аны даңазалайт. Аларды туурап-таасирленип, уз-усталар да буюм беттерине ошол датаны көрсөтүүгө дымактанышты.
Бирок, мисалы, «Манас 1000»де эпостук каармандарды кийизге, териге, таарга, чийге, металлга, мүйүзгө, сөөккө, ташка түшүрүүлөрү тигилерге караганда такыр коошпойт.
Себеп дегенде, минтип, кийиз, тери жердикке сүрөт тартуучулук - сүрөтчүлөрдүн милдети. Уз-усталардын көркөм оюн-көчөттөрү нагыз түшүрүүлөрү аркылуу адими бир буюмду жаратуулары ошол мааракенин талабына мерчемдүү жооп берет.
Буюм үлгүлөрдө эч кандай жазуу-сызуулар, ал эмнеге арналат, жылы, сымалдар болбоосу тийиш. Андай болгондо бара-бара көркөм каражаттары оюм-чийим жоюлуп кетет.
Тогузунчудан, «Мурас - жаңы шартка карата өзгөрүлүп, өнүгүп турат. Бүгүнкү күндүн талабына жооп берүүсү тийиш» деп айтуулар чоң жаңылыштык. Ал өзгөрүп өнүп отурса, мурас, таберик, керез аталабы да, мураскери ким болот.
Кайдан чыкканын аныктай алат? Анда мурас, керез, таберик, нуска, үлгү, азем өңдүү түшүнүктөр түп тамырынан жанчылат. Өткөндө бир жогорку окуу жайында мамлекеттик аттестациялык экзаменде бир студентканын дипломдук иши «Элдик кийим-белдемчини тигүү» - деп аталат экен.
Дипломник аны кийип көрсөткүсү келди. Ал кадимки эле шым, чеке-белдерин саймалап коюптур. Биздин суроого: «Азыркы шартка байланыштырганда белдемчи так ушундай болот» - деп олтурбайбы!
Мына ушундай түшүнүктөр дагы 10-15 жыл жашаса, түп-тамырыбыздан бери соолуп бүтөбүз. Ансыз да жаңы шартка карата жашайбыз деп, көпчүлүк жакшы сапаттардан арасат калдык.
Орто Азия элдеринде, бөтөнчө, кыргыз-казактарда мурасты сактоо, анын элдүүлүгүн жактоо, барктоо-нарктоо сапаттарын жерип, өз маданиятынды өзүң мокочодой көрүп баруу-адеп-ыйманга камчы ойнотуу. Угуттан, уюткудан, көрөңгүдөн ажыроо-улуттун жок болушу!
Маалымат маркум Акматалиев Амантур Сейталы уулунун китебинен алынды
Булак: NazarNews.kg