www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Аке жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебине 1 миллион сом тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Бишкек шаарында 4-5-майда өткөн футбол боюнча «Мурас» достук мелдешинде президенттин администрациясы командасы жеңишке жетишкен. Мамлекет башчысы ошол учурда турнирдин байге фонду кайрымдуулук максатына багытталарын жарыялаган.

Жатак мектептин имараты 1988-жылы курулган, анын сыйымдуулугу 200 орундуу. Азыркы учурда жатак мектепте 181 тарбиялануучу билим алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости